• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР кыздары эл аралык руханий сулуулук сынагына катыша алышат

Маданият 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Кыргызстан 5 өлкө менен бирге «Эталон-2017» эл аралык руханий сулуулук сынагына катышат.

«Эталон-2017» эл аралык сулуулук сынагынын дирекциясынан билдиришкендей, сынакка катышууга билдирмелер 22-апрелге чейин кабыл алынат. Ага 20 жаштагы кыздар катыша алат. Бою, салмагы, көлөмү маанилүү эмес. Башкысы – катышуучулар адептүү жана элдердин салттары боюнча билимге ээ болуулары керек.

Долбоордун максаты заманбап кыздардын руханий жана адеп сулуулугунун, болочок эне жана үй-бүлө очогунун кутунун үлгүсү катары образын жаратуу болуп саналат. Интеллектине, тарбиялуулугуна жана адеп-ахлагына көңүл бурулат.

Ошондой эле, сынакка Россия, Армения, Казакстан жана Беларустан кыздар катышат. Мелдештер өлкөлөрдүн эмес, сынактын катышуучуларынын ортосунда болуп, ар бири өз шаарынын атынан чыгат. Жалпысынан, Беларусь, Россия, Армения, Казакстан жана Кыргызстанды 150гө жакын шаарынан катышышат.

Жеңүүчүлөр төмөнкү номинациялар боюнча аныкталат: Гран-при, Адептүүлүк, Сүймөнчүктүү, Интеллект, Ачылыш, Грация, Позитив жана көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү байгеси.

Башкы байге – батир.

Белгилей кетсек, калыстар тобунун курамындагы 3000 мүчө (ар кандай жаштагы, түрдүү кесип ээлери ж.б. адамдар) атайын сайтта интернет түйүнү аркылуу сынактын баскычтарын карап чыгып, баарына баа беришет.

Кеңири маалымат алуу телефондору:

+7 (843) 564-18-34

+7 (909) 307-03-93

+7 (915) 166-18-37

+7 (922) 810-74-95

Же социалдык тармактарда:

https://www.instagram.com/etalon2017/

https://ok.ru/group/53564782149717

https://vk.com/etalon2017

https://www.facebook.com/etalon2017/

Пикир

Оставить комментарий