• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР Маданият министрлиги менен Россиянын улуттук театры кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Маданият 0

Бишкек, 03.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Россиянын Улуттук драма театры («Александринский театр») кызматташат.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, театралдык искусство жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөөгө багытталган меморандумга маданият министри Алтынбек Максутов жана аталган театрдын директору Сергей Емельянов кол койду.

Тараптар 1-июнда Бишкекте жолугуп, анда алдыда маданият, искусство, креативдүү индустрия жана адабият ишмерлеринин ортосундагы биргелешкен кызматташтык иш- чараларын уюштуруу, чыгармачылык жолугушууларды, тегерек столдорду, конференцияларды жана мастер-класстарды өткөрүү боюнча биргеликте иш алып барууну талкуулашты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Сергей Емельянов квалификацияны жогорулатуу программасы "Улуттук театр мектеби" долбоорун 2023-жылы Кыргызстанда уюштуруу пландалып жатканы тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар театр искусствосу жаатында биргелешкен пландарды ишке ашыруу үчүн эки тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти.

Андан соң Сергей Емельянов Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында КР Маданият министрлигинин өкүлдөрү жана театрлардын жетекчилери менен жолугушту жана аталган театрда "орус сахнасынын тандалган образдары" көргөзмөсүнүн ачылышы болду.

Пикир

Оставить комментарий