• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сагыналы Субаналиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 05.11.22. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады.

Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрында 74 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сагыналы Субаналиев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Сагыналы Субаналиев 1948-жылы Аксы районунун Афлатун айылында туулган. Музыка изилдөөчү, искусство таануу илимдеринин кандидаты (1983), профессор.

1966-70-жылдары Фрунзедеги музыкалык педагогикалык окуу жайын бүтөрү менен Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун эки жылдык даярдоо курсуна тапшырып, окуп жүргөн мезгилинде эле Кыргыз ССРнин мамлекеттик телерадиокомитетинин музыкалык редакциясында редактор болуп иштеген.

1972-77-жылдары искусство институтун ийгиликтүү аяктагандан кийин институттун тарых жана теория кафедрасында мугалим болуп иштеген.

1977-жылы Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунун фольклор секциясынын аспирантурасына өткөн.

1979-83-жылдары искусство институтунун фольклордук кабинетинин бөлүм башчысы, 1983-жылы музыка тарых кафедрасынын улук окутуучусу болуп эмгектенген. Ушул эле жылы кыргыздын элдик музыкалык аспаптары жөнүндө илимий диссертациясын жактаган.

Ал эми 1985-жылы СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынып, Кыргыз композиторлор союзунун башкармалыгынын мүчөлүгүнө шайланат.

1987-жылы Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, кийин Кыргыз филармониясынын көркөм жетекчиси болгон.

1994-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда кафедра башчысы, 2006-жылдан баштап институттун ректорлук кызматына көтөрүлгөн. Ректорлук кызматты аркалап жүрүп, көп ырааттуу иштери менен бирге окуу жайдын имаратын жана жатакананы толук оӊдоо иштерин ишке ашырган. Өмүрүнүн аягына чейин эмгегин искусствону өнүктүрүүгө жумшап, акыркы жылдары Кыргыз улуттук илимдер академиясында эмгектенген.

“Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары” аттуу монографиясы (1986), “Кыргыздын салттуу аспаптык музыкасы жана аспаптары” деген окуу куралы (2003), “Чоорлор” методикалык куралы жана башка китептери кыргыз, орус тилдеринде жарык көргөн.

Мындан сырткары, кыргыздын элдик жана профессионал музыкаларынын тарыхына, актуалдуу проблемаларына байланышкан ондогон макалалары газета-журнал беттеринде жарыяланган. Ошону менен бирге дүйнөлүк, эл аралык, бүткүл союздук республикалык симпозиумдарга, конференцияларга катышып, кыргыздын салтуу-музыкалык фольклорунун орчундуу-көйгөйлүү масеселерин коомчулуктун талкуусуна коюп келген адам болгон.

Сагыналы Субаналиев окуу жайдын гана эмес, кыргыз маданиятынын анын ичинде ооз эки салттагы профессионалдык музыкасы жана фольклористика илими үчүн ат көтөргүс иш жасаган инсан.

Сагыналы Субаналиев таланттуу жетекчи, ар дайым өз кесибине чексиз берилгендиктин үлгүсү болуп, чогуу иштеген жамаатына, кызматкерлерине жоопкер жана кунт коюп мамиле кылган адам болгон.

Кыргыз элинин сыймыктуу инсаны, калк кадырлаган, журт сыйлаган Сагыналы Субаналиевдин элесин түбөлүккө эстен чыгарбайбыз. Ошону менен бирге маркумдун туугандарына, жакындарына көңүл айтып, кайгысына ортоктош болуп, азасын тең бөлүшөбүз.

Пикир

Оставить комментарий