• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

«КР мамлекеттик жана ЖӨБ органдарынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервин түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү максатында

1. Жарлык менен мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилет.

2. Төмөнкүлөр белгиленент:

– башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын улуттук кадрлар резервинде турган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык аталган резервге киргизилген адамдар алардын арыздары боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу (башка тескөөчү документи) менен 5 жумуш күндүн ичинде конкурстук жол-жоболордон өтпөстөн, алар киргизилген мөөнөткө, ушул Жарлыкка ылайык түзүлүүчү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинин административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын башкы тобуна киргизилет. Бул арызды бир жана андан ашык мамлекеттик органга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына берүүгө жол берилет;

– мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервинде турган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык мурда ички резервге киргизилген адамдар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу (башка тескөөчү документи) менен конкурстук жол-жоболордон өтпөстөн, ушул Жарлыкка ылайык түзүлүүчү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинин тийиштүү тобуна (иш стажына жараша – башкы, улук жана кенже) киргизилет;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын

29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык башталган жана 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргендигине байланыштуу аякталбай калган конкурстук жол-жоболор жогоруда аталган Жободо белгиленген жол-жоболор боюнча аякталууга тийиш (бош административдик кызмат ордуна дайындоону кошпогондо).

Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын

29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык өткөрүлгөн конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча бош административдик кызмат орунуна дайындоого сунушталган адамдар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу (башка тескөөчү документи) менен конкурстук жол-жоболордон өтпөстөн, ушул Жарлыкка ылайык түзүлүүчү мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинин тийиштүү тобуна (талапкер дайындоого сунушталган кызмат ордуна жараша – башкы, улук жана кенже) киргизилет;

– мамлекеттик органдын кайра уюштурулганына байланыштуу аякталбаган конкурстук жол-жоболор ушул пункттун төртүнчү жана бешинчи абзацтарында белгиленген тартипте анын укук улантуучусу болуп саналган мамлекеттик орган тарабынан аякталууга тийиш.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жобо тиркелген файлдарда:

Пикир

Оставить комментарий