• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР МЧК: Чек арадан аткезчилик күйүүчү май аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл бекетинин чек арачылары мыйзамсыз алынып келе жаткан күйүүчү майды аныкташкан. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын жараны 1975-жылкы А.Р., аттуу жаран “Mercedes-Benz” үлгүсүндөгү унаага кошумча май куючу жай кылып, Казакстандан Кыргызстанга эч кандай документи жок күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, кармалган жаран жана жүк укук коргоо орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий