• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР МЧК: Кыргыз-казак чек арасында 600дөн ашуун жүк ташуучу унаа турат

Коом 0

Бишкек, 21.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргыз-казак чек арасында 600дөн ашуун унаанын топтому байкалат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында 400 оор жүк ташуучу унаа, “Чоң-Капканда” 212 унаа турат, аны 184ү жүк ташуучу унаалар.

Башка көзөмөл-өткөрмө жайында абал туруктуу.

2017-жылдын 10-октябрынан тарта Казакстан тарап кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайында адамдарды жана жүк ташуучу унааларды текшерүү тартибин күчөткөн. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, тараптар мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн артыкчылыктуу тартибин талкуулашкан.

Бүгүнкү күндө чек арада толук текшерүүдөн өтүп жаткан жүк ташуучу фуралар боюнча маселе чечиле элек.

2017-жылдын 25-октябрында Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тарткан. Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган унаалардын саны кыйла азайган, бирок Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, бул сүйлөшүүлөргө байланыштуу эмес.

Пикир

Оставить комментарий