• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР МЧК: Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 1-апрель /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.
“Кытай тараптын демилгеси менен КЭРде маркумдарды эскерүү күнүнө карата кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында 2017-жылдын 2-4-апрелинде “Торугарт унаа жолу” жана “Иркештам унаа жолу” убактылуу жабылат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрүү пункту аркылуу адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 5-апрелде калыбына келтирилет.

Пикир

Оставить комментарий