• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР Медакадемиясы өзүнүн клиникасын курат

Коом 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) өзүнүн клиникалык базасын курат деп билдирди ЖОЖдун басма сөз кызматынан.

Учурда КР Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин көмөгү менен клиниканын курулушу үчүн жер бөлүп берүү маселеси чечилүүдө жана анын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелүүдө.

“ЖОЖ чынында эле өзүнүн клиникалык базасына муктаж, анткени келечектеги врачтар сапаттуу практикалык даярдыктан клиникалардан, ооруканалардан өтөт. Андыктан Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жамааты аталган идеяны ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жатышкан бийлик органдарынын жетекчилерине ыраазычылык билдирет”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий