• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР мектептеринде окутуу жаңы тутумга өтөт

Билим 0

Бишкек, 12.03.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Бишкек шаарынын №61 мектебинин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн жаңы тутум боюнча алгачкы сабак өтүлдү.

Музыка, сүрөт жана англис тил мугалимдери балдарга iBilim жаңы окутуу порталы тууралуу айтып беришти. Анда англис тили, математика, сүрөт, музыка, табият таануу, кыргыз жана орус тилдери боюнча окуу базалары камтылган.

Жаңы тутумда окуучуларга даяр лекцияларды көрсөткөн окутуунун мультимедиялык ыкмасы каралган. Мындай тутум атайын такта менен интерактивдик программаларды камтыйт. Окуучулар атайын опцияларды кадимки калемсап менен басып сабактын темасын андан ары ача алышат.

Жакын арада Кыргызстан боюнча 540 мектеп электрондук билим берүүнү өнүктүрүү долбоорунун алкагында ноутбуктар, роутерлер жана проекторлор менен камсыздалат. Бул өлкөнүн бардык аймактарында бирдей шарттарда сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Пикир

Оставить комментарий