• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КР менен АӨБ ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуулар ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы) жана 2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып ок күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Программанын максаты, Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоо системасын жана санитариянын абалын жакшыртууну камсыздоо, ошондой эле республиканын суу секторун андан ары өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерди чечүү болуп саналат.

«Нарын облусунда айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын» ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 32,9 млн АКШ доллары суммасында берилет, анын ичинде:

—Азия өнүктүрүү банкынын гранты — 13,7 млн АКШ доллары;

—Азия өнүктүрүү банкынын кредити — 13,7 млн АКШ доллары;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тең каржылоосу — 5,5 млн АКШ доллары.

Азия өнүктүрүү банкынын кредити 32 жылдык мөөнөткө берилүүдө, анын ичинде 8 жыл — жеңилдетилген мезгил, узартуу мезгилинин ичинде пайыздык ставка — жылына 1% жана ар бир кийинки жылы — 1,5%. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөттү — 6 жыл.

Пикир

Оставить комментарий