• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КР менен АӨБ ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуулар ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү“ долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы „Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү“ долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 27-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий