• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР менен Австрия ТИМ башчылары кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Кечээ, 30-сентябрда Вена шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Австрияга болгон жумушчу сапарынын алкагында анын Австриянын Европа жана тышкы иштер боюнча федералдык министри Александер Шалленберг менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин, тактап айтканда, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну, кезектеги ТИМдер аралык консультацияларды өткөрүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев Австриянын тышкы иштер министри А.Шалленбергди жана Австриянын делегациясын 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Европа Биримдиги-Борбордук Aзия 1-экономикалык форумуна катышууга чакырды. Австриянын тышкы иштер министри А.Шалленберг өз кезегинде ЕБ-БA 1-экономикалык форумуна катышуусун ырастады. Мындан тышкары, тараптар Австриянын бизнес делегациясынын Форумга катышуусун талкуулашты.

КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев келерки жылы Кыргызстан менен Австрия дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилей тугандыгын билдирип жана ушуга байланыштуу австрия тарапка эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча биргелешкен Жол картасын иштеп чыгууну сунуштады.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны инвентаризациялоону өткөрүү зарылдыгы жөнүндө макулдашышты. Туризм, саламаттык сактоо, маданият жана спорт жаатындагы бир катар келишимдердин долбоорлору да Австрия тараптын кароосуна жөнөтүлдү.

Тараптар экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында ишти улантуунун жана 2022-жылы Бишкек шаарында комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев ошондой эле австриялык тарапка Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошо турган Вена-Бишкек түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Австрия тарапка Кыргызстандын Австрияда маданият күндөрүн жана Кыргызстанда Австриянын маданият күндөрүн өткөрүү сунушталды.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, тактап айтканда, КР тышкы иштер министри Р.Казакбаев австриялык тарапты ушул жылдын сентябрынын башында Вена шаарында КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Т.Мамытов катышкан Парламенттердин спикерлеринин 5-дүйнөлүк конференциясын ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктады.

Австриянын тышкы иштер министри А.Шалленберг өз кезегинде австрия тарап эки тараптуу кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин билдирди. А.Шалленберг КР тышкы иштер министри Р.Казакбаевди келээрки жылы Венада өтүүчү куралсыздануу боюнча конференцияга катышууга чакырды.

Ошондой эле Афганистандагы кырдаал, Евробиримдик менен Австриянын Афганистандагы абалга мамилелери боюнча пикир алмашышты. Министр Р.Казакбаев Афганистандын жаштарына КР ЖОЖдорунда билим алуу үчүн 500 виза берүү боюнча Кыргызстандын демилгеси тууралуу маалымат берди жана австриялык тарапка Кыргызстандын ЖОЖдорунда афган аял студенттерди окутуу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашырууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий