• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР менен БАЭ визалык катташуу жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмиратынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө ратификациялык мыйзам долбоору каралып, баардык фракциялардын макулдугу менен дароо эле үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Эгерде жогорудагы келишим ратификацияланса, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмиратынын жарандары виза алуудан бошотулуп, ал өлкөлөрдүн аймагында 90 күнгө чейин визасыз жүрө алат.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 1171 адамга дипломатиялык паспорт берилген.

Пикир

Оставить комментарий