• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 10-январында Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын башкармалыгынын төрагасы, Абу-Даби Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Абдулах Мохамед Аль Мазруи менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле жолугушууга КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Э.Батаева катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, КР Соода-өнөр жай палатасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Соода-өнөр федерациясынын ортосунда Кыргыз-Эмират ишкерлер кеңешин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө кол коюлган Меморандумду ишке ашыруу боюнча маселелер каралды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ишкерлер чөйрөлөрүнүн катышуусундагы өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий