• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР менен БАЭнын Соода-өнөр жай палаталары ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-февралында Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы (БАЭ) элчиси К. Жумабаев БАЭнын соода-өнөр жай палаталары федерациясынын башкы катчысы, БАЭнын Эл аралык соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Хумэйд Мохамед бин Салем менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга ошондой эле КРнын соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Э. Батаева катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар КР Соода-өнөр жай палатасы менен БАЭнын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын ортосундагы кызматташтыкты практикалык активдештирүү маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, тараптар КР Соода-өнөр жай палатасы менен БАЭнын Соода-өнөр жай палаталары федерациясынын ортосунда кол коюлган Ишкерлер кеңешин түзүү өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасында жана Бириккен Араб Эмираттарында уюштурулган көргөзмө-жарманке иш-чараларына кыргыз жана эмират компанияларынын өз ара катышуусуна байланыштуу кызматташууну улантууга макулдашышты. Ошондой эле тараптардын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусу менен өз ара визиттерди жана иш-чараларды уюштуруу жана эки тарапты кызыктырган башка маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий