• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “2020-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 18-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, КР Финансы министрлиги белгиленген тартипте Дүйнѳлүк банкка жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Келишимдин максаты Дүйнөлүк Банк тарабынан КР Өкмѳтүнө Ош облусунун жана Ош шаарынын институционалдык деңгээлин көтөрүүгө, туризм жана айыл чарба чөйрөсүнө максаттуу багытталуучу иш-чаралар аркылуу экономикалык жана регионалдык өнүгүүнү күчөтүүгө колдоо көрсөтүү.

Экономикалык жана регионалдык өнүктүрүүнү жылдырууда КР Өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнүн алкагында, Дүйнөлүк Банк тарабынан 60 млн АКШ доллар жалпы суммасында (30 млн АКШ доллар – грант жана 30 млн АКШ доллар - насыя) «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоору иштелип чыккан. Төлөө мөөнөтү ар бир жылдын 15-аперели жана 15-октябры болуп саналат, ал эми 2026-жылдын 15-апрелинен башталып жана 2057-жылдын 15-октябрында аяктайт. Насыянын төлөнүүчү негизги суммасы %менен - 1,5625%.

«Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоору жеке секторду өнүктүрүү процессин стимулдаштырууга басым жасоо менен региондук экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга жана регионалдык өнүктүрүү борбору катары кызмат кылуучу шаардык борборлордун потенциалын түзүүгө багытталган.

Аталган долбоор Ош облусунун жана Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүндө жумушчу орундарды түзүүгө, жакырчылыкты жоюуга түрткү берүү менен социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айыл чарба продуктыларына кошумча нарк тутумдарын түзүүгө жана өнүктүрүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө жардамдашуу аркылуу маанилүү элемент болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий