• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР менен ЭАӨ ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 23-январында кабыл алынган.

Бул макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Бүткүл дүйнөлүк банк) тарабынан Кыргыз Республикасына 6 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо, 38 жылдык мөөнөткө 0,75% пайыздык ставка менен 23 млн. АКШ доллары суммасында кредит, ошондой эле 23 млн. АКШ доллары суммасында грант берүү аркылуу колдоо көрсөтүлөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий