• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР менен ЭӨА ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 04.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо (Экономикалык башкаруу чөйрөсүндө өнүктүрүү саясатын каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28- ноябрында кабыл алынган.

Бүткүл дүйнөлүк банктын «Экономикалык башкаруу чөйрөсүндө өнүктүрүү саясатын каржылоо» программасы инклюзивдик өсүү боюнча макрофискалдык негиздер, мамлекеттик сектордо ачык-айкындыкты жогорулатуу жана коррупцияга каршы күрөшүү жана ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу сыяктуу тармактарда мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн реформаларын колдоого багытталган.

Бул Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасына 24 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардам берилет, анын 12 миллион доллары гранттык жардам жана 12 миллион доллары кредит катары берилет.

Финансылык каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий