• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР менен Евробиримдиктин ортосундагы соода 2017-жылы 458 миллион еврону түздү

Экономика 0

Бишкек, 06.11.18. /Кабар/. Кыргызстан жана Европа биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы соода 2017-жылы 458 миллион еврону түзгөн. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 2015-жылы бул сан 320 миллион долларды түзгөн. Бул эки тараптуу сооданын өсүп жатканынан кабар берет.

Преференциялардын жалпы системасын колдонуунун коэффициенти 2017-жылы 63 пайызды түзгөн. Евробиримдиктен кыргызстандык ишкерлерге Европада оюк бар экендигин белгилешти.

“Бул таң калычтуу эмес, себеби мындай схема 3 жылдан кем эмес убакыттан бери иштеп жатат. Кызматташтыктын программасына көнүп, ишкердик боюнча өнөктөштөрдү табуу үчүн убакыт керек”, - деп айтылат Европа биримдигинин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий