• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР менен Франциянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 6-ноябрда КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланган.

"Франциядан инвестициялар менен бизнесмендерди Кыргызстанга тартуу маселесине көңүл бурулду. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу жолу менен саясий диалогду бекемдөө зарылчылыгы белгиленди. Тараптар ошондой эле министр Ч.Айдарбековдун ушул жылдын ноябрь айында Францияга жумушчу сапарына даярдыкты талкуулашты", деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий