• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР менен Германиянын окумуштууларынын кызматташуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 12.09.17. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигинде айлана чөйрөнү жакшыртуу жаатында кыргыз-немец окумуштууларынын мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы илим департаментинин директору Абдиманап Муратовдун айтымына караганда, жолугушуунун башкы максаты катуу - тиричилик, суюк жана газ түрүндөгү калдыктарды кайрадан иштетүү боюнча чогуу иштешүүгө мүмкүнчүлүк издөө.

“Кыргызстанда 388 таштанды таштоочу жай бар. Өлкөдөгү айлана чөйрөнү жакшыртууда алгач таштанды таштоочу жайлардан башташ керек”,-деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө таштандыларды кайра иштетүү боюнча заманбап усулу жана немец окумуштуулары менен болгон кызматташтык талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий