• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 27.09.17. /Кабар/. КР финансы министри Адылбек Касымалиев Немис өнүктүрүү банкынын (KfW) Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча директору Олаф Цимельканы жана ал жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр А.Касымалиев Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык реформаларды колдоп, көмөк көрсөтүп жаткандыгы үчүн банктын жетекчилигине ыраазычылык билдирди.
Тараптар учурдагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышышты, ошондой эле мындан аркы кызматташтыктын ар тараптуу багыттарын талкуулашты.

«Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жемиштүү иш жүргүзүлгөндүгүн, көптөгөн ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырылгандыгын белгилей кетүү зарыл. Алсак, 2013-жылдан 2016-жылга чейин эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 50 млн евродон ашуун суммасында финансылык кызматташтык тууралуу макулдашууларга кол коюлуп, аларды ратификациялоо жүргүзүлдү. Мындан ары да биз өлкөнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, тыгыз эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конструктивдүү диалогду улантууга ар дайым даярбыз», – деди Касымалиев.
Азыркы убакта мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында жалпысынан 101,4 млн АКШ долларына банк тарабынан каржыланып жаткан бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда, алар негизинен экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий