• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР менен Япониянын ортосундагы соода жүгүртүү 44 млн. долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын Японияга 2018-жылдын январь-октябрь айларындагы экспорту өткөн жылдын 10 айына салыштырмалуу 1,4 эсеге өскөн. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов Япониянын элчиси Ёсихиро Ямамура менен жолугушууда билдирди.

Маалыматка ылайык, экспортко аз көлөмдө бал, килем, авиакеросин жана башкалар жөнөтүлгөн.

Министрдин айтымында, 10 ай ичинде эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 44 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсеге өскөн. Ал эми импорт 43,6 млн. долларга жетип, 1,5 эсеге өскөн.

Белгилей кетсек, Япониядан биздин өлкөгө унаа, өндүрүш үчүн жабдык жана башкалар алынып келген.

Пикир

Оставить комментарий