• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР менен Япониянын ТИМ башчылары эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү тууралуу сүйлөштү

Коом 0

Бишкек, 29.10.18 /Кабар/. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Японияга жасаган иш сапарынын алкагында Япониянын тышкы иштер министри Таро Коно менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн мамилелери достук жана өз ара пайдалуу өнөктөштүккө негизделгенин белгилешкен.

Ч.Айдарбеков Кыргызстандын эки өлкө ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну арттырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Өз учурунда Коно тараптар демократия баалуулуктарына жана принциптерине ылайык иштешип жатканын айтып, КР менен Япониянын ортосундагы мамилеге жогору баа берди. Ага кошумча эле Коно Айдарбеков Кыргызстандын Япониядагы элчиси кызматында иштеп турганда кыргыз-япон мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон салымын да белгиледи.

Эки тарап тең мындан аркы кызматташуу кыргыз жана япон элдеринин байгерчилиги үчүн ар тараптуу жана бүтүн болоруна үмүт артарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий