• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР менен Индиянын ортосундагы товар айлантуу 2019-жылдан бери 82 млн долларды түздү

Коом 0

Бишкек, 10.09.21./ Кабар/. Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы товар айлантуу 2019-жылдан бери дээрлик 82 млн долларды түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Индия экономикалык соода уюмунун президенти Асиф Икбал билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда индиялык фармацевтикалык компаниялар, кино, туристтик фирмалар жана IT технологиялар көрсөтүлгөн.

“Жакын арада бул тизмени дагы толуктоо пландалууда”,-деди ал.

Белгилей кетсек, расмий визиттин алкагында индиялык ишкерлер КР Инвестициялар министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Айыл, суу чарба жана региондук өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү жана жеке структуралардын менен жолугушууларды өткөрүштү.

Пикир

Оставить комментарий