• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР менен Индиянын тышкы иштер министрлери кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышуунун алкагында күн мурун КР менен Индиянын ТИМ башчылары Чыңгыз Айдарбеков менен Сушма Сварадждын жолугушуусу болду.

Жолугушууда эки тарап Индиянын премьер-министринин Кыргызстанга күтүлүп жаткан расмий визитин талкуулашкан. Андан тышкары, визиттин алкагында кол коюла турган келишим жана меморандумдарды даярдоо боюнча да сөз болду.

Тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу жана өлкөлөр ортосунда достук мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө ишеним билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий