• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КР менен Ирандын спикерлери өз ара түшүнүшүү жана парламенттер аралык кызматташтык Меморандумуна кол коюшту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Парламенттик делегациянын Тегеран шаарындагы (Иран Ислам Республикасы) расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен Иран Ислам Республикасынын Межлисинин Төрагасы Али Лариджани өз ара түшүнүшүү жана парламенттер аралык кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Меморандумга кол коюу салтанатынан кийин парламент жетекчилери маалымат-жыйын өткөрүп, эки тараптуу жолугушуулар жогорку деӊгээлде болгонун жана Меморандумга кол коюу парламенттер аралык алакаларды арттырууга дагы бир кадам экенин белгилешти.

Айрыкча, Төрага Чыныбай Турсунбеков менен Иран межлисинин Төрагасы Али Лариджани ЖМК өкүлдөрүнө жолугушуунун алкагында өз ара кызыкчыкка шайкеш келген бир катар маселелер каралганын, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты жана соода-экономикалык өнөктөштүк чөйрөсүндөгү байланыштарды кеӊейтүү боюнча кабыл алынган чечимдер тууралуу учкай маалымат беришти.

"Биз, кесиптешим экөөбүз кыргыз-иран өз ара алакаларын жана алардын өнөктүрүүнүн келечегин талкууладык", - деди Төрага Чыныбай Турсунбеков.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация 23-апрелден 27-апрелге чейин Тегеран шаарында ( Иран Ислам Республикасы) расмий иш сапар менен болот. Делегациянын курамында Жогорку Кеӊештин депутаттары Мирлан Бакиров, Исланбек Сарсейитов, Жыргалбек Турускулов, Данияр Аттокуров жана Абдимуктар Маматовдор бар.

Пикир

Оставить комментарий