• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР менен Ирандын ТИМ башчылары Бишкекте иран соода борборун ачуу маселесин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиян менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуу, саламаттык сактоо тармагындагы өз ара аракеттенүү жана Афганистандагы кырдаалга байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ирандык кесиптешин жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Иран тарап Кыргызстанга ШКУнун толук кандуу мүчөсүнө коюлган анын талапкерлигин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Министр Р. Казабаев өлкөлөр ортосундагы транзиттик жана транспорттук потенциалды пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилеп, соода өсүшүнө өбөлгө түзгөн Иран – Түркмөнстан – Өзбекстан – Кыргызстан темир жол коридорун колдонууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Ирандын Тышкы иштер министри Иран өкмөтүнүн Кыргызстанга транзиттик жана Кыргызстанга же Кыргызстандан товарларды жеткирүү үчүн Бандар-Аббас портунан жер тилкесин бөлүп берүү жана тиешелүү инфратүзүмдү камсыздоо чечими тууралуу кабарлады.

Ошондой эле тараптар Бишкекте иран соода борборун ачуу маселесин талкуулашты.

Кыргызстан менен Ирандын тышкы иштер министрлери афган жергесиндеги кырдаалды талкуулап, Афганистанда тынчтыктын жана туруктуулуктун орундалышына жалпы кызыкчылыгын белгилешти.

Ирандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди ыңгайлуу болгон убакта Иранга сапар менен келүүгө чакырды. Өз кезегинде кыргыз тарап Ирандын тышкы иштер министрин Бишкекке келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий