• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КР менен Израилдин ортосундагы дипалакалардын 30 жылдыгына карата салтанаттуу кече өттү

Саясат 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Израилдеги Ардактуу консулунун резиденциясында Кыргызстан менен Израилдин ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата жана КРнын Израилдеги элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Ишеним грамотасын тапшырганына байланыштуу салтанаттуу кече өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Израилдин Тышкы иштер министрлигинин Башкы директорунун орун басары Гари Корен, Израилде аккредиттелген Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилер, эл аралык жана коомдук уюмдардын, бизнес түзүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле ММК өкүлдөрү катышты.

Элчи К. Өмүралиев өз сөзүндө кыргыз тараптын мамлекеттер аралык мамилелерди жандандыруу ниети тууралуу маалымат берди. Кыргызстан жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык күч аракетин жумшап жатканы, ошондой эле өлкөдө социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу кыскача айтып берди. Израилдик тарап менен жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө салым кошот деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Тышкы иштер министрлигинин башкы директорунун орун басары Г. Корен элчинин дайындалышы эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгына түрткү болуп, кызматташуу жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлөрүнө ишеним билдирди. Ал ошондой эле тараптар соода жана айыл чарба тармагында кызматташууну бекемдей турганын белгиледи.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстан жана анын инвестициялык, туристтик потенциалы тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий