• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР менен Катардын авиаколледждери кызматташууну өркүндөтөт

Коом 0

Бишкек, 26.09.17. /Кабар/. Кыргызстан менен Катардын авиациалык колледжи эки тараптуу кызматташуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Катардагы элчиси Нурлан Ниязалиев Доха шаарында Катар авиациялык окуу жайынын башкы жетекчиси Джабор бин Хамад Мохаммед Аль-Тани менен жолуккан.

Жолугушууда тараптар жарандык авиация жаатындагы кыргыз-катар кызматташуусун талкуулашкан.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи менен Катардын авиациялык окуу жайы ортосундагы кызматташууну жогорулатуу боюнча макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий