• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР менен Катардын ТИМ башчылары кызматташуу маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын ишине катышуунун алкагында Нью-Йорк шаарында КРнын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Катардын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдульрахман бин Джасим Аль-Тани менен жолугушту.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жаатындагы маселелерди талкуулашты.

Ошондой эле өлкө экономикасына катардык инвесторлорду тартуу менен жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги визиттерди уюштуруу боюнча маселе да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий