• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КР менен Казакстандын адистери “Кабар” агенттигинде теле көпүрө аркылуу коопсуз миграция маселесин талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинде “Коопсуз миграция” темасы боюнча теле көпүрө болуп, анда кыргыз-казак адистери миграция көйгөйүн талкуулашты.

Теле көпүрөдө миграция боюнча Ош, Каракол, Бишкек жана Астанадан атайын адистер катышты. Анын катышуучулары Кыргызстан менен Казакстандын мигранттары жана алардын үй-бүлөлөрү дуушар болушу мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алуу маселеси боюнча мамлекеттик, эл аралык жана бей өкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана өз-ара алакасын талкуулашты.

Теле көпүрө КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын, Миграция боюнча эл аралык уюм жана КРдин Казакстандагы элчилигинин колдоосу менен КР Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жана Астана (Казакстан) шаарынын “Кыргыз этно маданият бирикмеси” КУ менен биргеликте уюштурулган.

Талкуу мигранттардын укуктары жана милдеттери ошондой эле кыйын кырдаалдардын жана тобокелчиликтердин болушу тууралуу аларга маалымат берүү максатында өткөрүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргызстан менен Казакстандын миграция тармагында эмгектенген кызматтары менен уюмдарына сунуш жана сунуштамаларды иштеп чыгышты. Иш-чара “Кабар” КУМАнын жана Л.Н.Гумилев (Астана) атындагы УЕУнин техникалык колдоосу менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий