• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР менен КЭР бир катар документтерге кол коюу менен эки тараптуу алакаларды бекемдешти

Саясат 0

Пекин, 06.06.18. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытай өнөктөштүк алакаларды тереңдетүү максатында бир катар келишимдерди түздү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитинин алкагында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Биргелешкен декларацияга кол коюлду.

Ошондой эле төмөнкү документтерге кол коюлду:

- «Кыргызстан-Кытай» газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташуу жөнүндө 2013-жылдын 11-сентябрындагы өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протокол;
- КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен КЭР Коммерция министрлигинин ортосундагы тышкы соода-экономикалык кызматташтыктын зонасы жөнүндө Меморандум;
- КР Мамлекеттик кадр кызматы менен КЭР Коммерция министрлигинин ортосундагы адам ресурстары чөрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө;
- Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу коон жемиштерине фитосанитардык талаптар жөнүндө КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги менен КЭР сапатты көзөмөлдөө, инспекция жана карантин боюнча Башкы Башкармалыгынын ортосундагы Протокол;
- КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн «Мобилдүү оорукананы» жеткирип берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө КР жана КЭР Өкмөттөрүнүн ортосундагы кат алмашуулары;
- КР Саламаттык сактоо министрлиги менен КЭР Гигиена жана саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы саламаттык сактоо жаатында кызматташтык жөнүндө Келишим;
- КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КЭР радио уктуруу жана теле көрсөтүү иштери боюнча Башкы мамлекеттик башкармалыктын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Келишим;
- КЭР Башкы бажы башкармалыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын ортосундагы Эмдөө практикаланган шарптан арылган зонанын талаптарын түзүү жөнүндө Меморандум;
- КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен КЭР Адам ресурстары жана социалдык камсыздандыруу министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
- Бекер техникалык-экономикалык жардам көсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишим.

Пикир

Оставить комментарий