• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР менен КЭР ортосундагы гуманитардык алака алдыга жылат – Өмүрбекова

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясына 30 абитуриенттин Кытайда окуусу үчүн демөөрчүлүк кылгандарына ыраазычылык билдирди.

Бул тууралуу вице-премьер министрдин сөзүндө айтылат, аны Өмүрбекованын кеңешчиси студенттерди КЭРга окууга жөнөтүү иш-чарасынан расмий ачылышында окуп берди.

“Бүгүн бизде жакшы себеп бар. “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын колдоосу менен Кыргызстандан 30 абитуриент Кытайга окууга кетет. КР менен КЭР көптөгөн жылдар бою достук мамилени сактап келет. Кыргызстан ресурстарга бай, ал эми Кытайдын инвестиция үчүн мүмкүнчүлүктөрү кенен. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик визитинин алкагында КР мамлекет башчысы билдиргендей, Кытай республика үчүн маанилүү өлкө болуп саналат” – айтылат Өмүрбекованын сөзүндө.

Ошондой эле вице-премьер билдиргендей, алдыда КР менен КЭР ортосунда гуманитардык планда да алакалар алдыга жылат.

Алтынай Өмүрбекова кошумчалагандай, 2013-жылы Бишкекте Кыргызстандын аймагы аркылуу транзиттик газ түтүктөрүн куруу боюнча Кыргызстан менен Кытайдын өкмөттөрү ортосунда макулдашууга кол коюлган.

“Буга байланыштуу бул долбоорду ишке ашыруудан пайда боло тургандыгын баса белгилеп кетүү керек. Салыкты төлөө каралган, долбоордун алкагында бардык керектүү болгон товар жана техникалар жергиликтүү базардан сатылып алынат”, - деп Жаныкеева вице-премьердин сөзүн окуп берди.

Эске сала кетсек, абитуриеттерди инжерендик кесиби боюнча өлкөнүн алдыңкы окуу жайларына жөнөтүү Кытайдан Кыргызстан аркылуу транзиттик газ түтүктөрүн куруу долбоорунун алкагында каралган. Газ түтүктөрү Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай аймагы аркылуу өтөт.

Пикир

Оставить комментарий