• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү 2 млрд доллардан ашты - Абдрахманов

Экономика 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Акыркы үч жылдын жыйынтыгы боюнча Кытай Эл республикасы Кыргызстандын башка мамлекеттер менен товар жүгүртүү чөйрөсүндө биринчи орунду ээлеп келет. Бул тууралуу “Кыргызстан-Кытай эксперттик-аналитикалык диалог” форумунун жүрүшүндө КР Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Ал маалымдагандай, 2018-жылы эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүү алгач 2 млрд. АКШ доллардан ашкан.

“Аны менен бирге түз алып келүү инвестициялардын келиши 245,429 млн. АКШ долларын түзгөн. Эки тараптуу кызматташууда эң маанилүү жана келечектүү багыттар: инфраструктура, транспорт, энергетика, кайра иштетүү, тоо кен казуу жана СУАР-КР чек ара кызматташуусу болуп саналат”, - дейт ал.

Ошондой эле министрдин орун басары билдиргендей, эки өлкө тарабынан биргеликте бир нече долбоорлор ишке ашырылып келет. Атап айтканда, терроризм, экстремизм, сепаратизмдердин алдын алуу, киберкоопсуздук, коопсуздук, наркотрафик ж.б. чөйрөлөрүндө.

Абдрахманов белгилегендей, Кыргызстан менен Кытай стратегиялык өнөктөштөр болуп эсептелет. Ал баса билдиргендей, эки өлкө ортосунда кызматташууну бекемдөөдө жана аны КРнын президенти С.Жээнбековдун 2018-жылы Кытайга болгон мамлекеттик визити жана Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болчу сапары тастыктайт.

Пикир

Оставить комментарий