• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР менен Монголиянын ортосундагы Аскер жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуусу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Аскер жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 14-майында кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Монголия тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы тууралуу кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий