• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР менен ӨР өкмөт башчыларына кээде чалышып жана жолугуп туруулары керек – Мирзиеев

Саясат 0

Бишкек, 06.09.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кыргызстандын жана Өзбекстандын премьер-министрлерине биргеликте маселелерди чечүү үчүн кээде байланышып жана жолугуп туруулары керек. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Өкмөт башчы Сапар Исаков менен болгон жолугушууда билдирди.

“Мен 14 жыл бою премьер-министр болуп турган кезде, Кыргызстандын өкмөт башчысы менен 4 ирээт гана сүйлөшкөнмүн. Мындай болбошу керек. Силер бизден сурабашыңар керек. Силер айына 10 жолудан байланышып, керек болсо жолушуп турушуңар керек”,-деди Мирзиеев.

Өз кезинде Сапар Исаков, президент Алмазбек Атамбаев кечээ жетишилген келишимдерди иш жүзүнө аткаруу тууралуу тапшырмасын бергендигин айтты.

Ошондой эле ал, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен биргеликте эффективдүү иштеше тургандыгына ишендирип өттү.

Исаковдун айтуусуна караганда, Кыргызстан менен Өзбекстан болжолдуу түрдө 115 млн долларлык кызматташуу боюнча макулдашты. Аталган кызматташтык жакынкы күндөрү иштелип чыгып, керектүү компаниялар ортосунда кол коюлмакчы.

Пикир

Оставить комментарий