• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР менен ӨР ортосунда өнөр-жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча «Жол картасына» кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосунда өнөр-жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык чаралардын планына («Жол картасына») Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартындагы Өзбекстан Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүму билдирет.

Жалпысынан 550,4 млн АКШ долл. суммасындагы 60 долбоорду ишке ашыруу каралган, алардын арасында төмөнкүлөр бар:

- Алгачкы баскычында 50 млн АКШ долл. капиталы жарыяланган Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондун түзүү;

- Чүй облусунда 100 млн АКШ долл. суммасындагы жүгөрүнү иштетүүчү ишкананы түзүү;

- Фергана областында «GeoBetonBagdad» ААК базасында бетондон буюм өндүрүү боюнча 40 млн АКШ долл. суммасындагы долбоорду ишке ашыруу;

- 15 млн АКШ долл. суммасындагы «Кызыл-Кыя» соода-логистикалык борборун куруу долбоору;

- 15 млн АКШ долл. суммасындагы медициналык багыттагы атайы желим-техникалык буюмдарды өндүрүүнү уюштуруу жана медициналык аспаптарды өндүрүү;

- 12,5 млн АКШ долл. суммасындагы мөмө-жемиш продукциясын кайра иштетүү жана сактоо, аны Кыргыз Республикасы аркылуу ЕАЭБ рыногуна экспорттоо боюнча биргелешкен дүң-логистикалык борборлорду түзүү;

- 10 млн АКШ долл. суммасындагы заманбап күнөскана чарбасын жана логистикалык борборду түзүү;

- Наркы 8 млн АКШ долл. турган Наманган облусундагы жемиштерди кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк-логистикалык ишкананы өнүктүрүүгө инвестиция тартуу;

- Наркы 8 млн АКШ долл. турган «Uni Mobile» ААК биргелешкен ишкана базасында цемент заводун куруу боюнча жана башка долбоорлорду ишке ашыруу.

Белгилесек, тараптар Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосунда өнөр-жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча «Жол картасына» киргизилген долбоорлорду ички мамлекеттик макулдашуудан өткөрөт. Тараптар аркылуу долбоорлор кароо процессинде толукталып, же четке кагылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий