• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР менен ӨР ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өкүлдөп берүү макулдашуусу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 23.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Аба кыймылын тейлөө үчүн жоопкерчиликти өкүлдөп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 13-декабрында кабыл алынган.

Бул Макулдашуунун максаты - Эл аралык Стандарттардын жана ИКАОнун Сунуш кылынган Практикасынын талаптарын, ошондой эле эл аралык жарандык авиация жөнүндө Конвенциянын жоболорун аткаруу.

Көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо изилдөө-куткаруу жумуштарын жүргүзүү үчүн аба кыймылын тейлөөнү жана авариялык билдирүүлөрдү уюштурууда географиялык шарттар жана учууларды радиотехникалык камсыздоонун мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен улуттук суверенитетке зыян келтирбестен укуктук камсыздоо шарттарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий