• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР менен РФ ортосундагы жүргүнчүлөр үчүн темир жол каттамы качан жандандырылышы мүмкүн? Жооп

Коом 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Россияга Казакстандын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну кайрадан жандандыруу россия тараптын макулдугун алгандан кийин гана мүмкүн болот. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" УК" мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын башчысы Нурланбек Жайнаков маалымдады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-16-февралында КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун теңтөрагалыгы алдында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-жыйыны болуп өттү.

Негизги макулдашуулардын бири катары Кыргызстандан Россияга Казакстандын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу транзитин кайрадан жандандырууга казак тараптын макулдугу болду.

Буга катар КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги казак тарап менен жетишилген макулдашууларды эске алуу менен Кыргызстандан Россияга Казакстандын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну кайрадан жандандыруу жөнүндө россия тараптын макулдугун алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат.

"Кыргызстандан Россияга Казакстандын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну кайрадан жандандыруу россия тараптын макулдугун алгандан кийин гана мүмкүн болорун белгилейбиз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий