• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казак-россия чек арасындагы кыргыз жарандарынын маселелери эртең чечилет – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Казакстан менен Россиянын чек арасындагы кыргыз жарандарынын маселелери эртең чечилет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Анын айтымында, казак-россия чек арасынын эки бекетинде 120 кыргыз жараны жана 60 техника бар.

"Казакстан менен Россиянын чек арасындагы эки бекетте 120 кыргыз жараны турат. Бул маселе эртең кечке чейин чечилет. Жарандар тиешелүү азык-түлүк менен камсыз болгон. Кыргызстандын Россиядагы консулу чек ара бекетине чыгып кетти", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий