• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР менен РФнын Эриш-аркак жылынын алкагында иш-чаралар онлайн өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын алкагында иш-чаралар онлайн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов онлайн брифингде маалымдады.

Министрдин билдирүүсүнө караганда, быйыл бир топ өлкөлөр менен Маданият күндөрүн өткөрүү пландалган болчу. Бирок учурдагы кырдаалга байланыштуу алардын баарын ишке ашырууга мүмкүн болгон жок.

"Быйылкы жылдагы эң ири иш-чаралардын бири - бул КРнын РФдагы жана РФнын КРдагы Эриш-аркак жылы. Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи Москвада өткөн. Андан соң да бир канча иш-чаралар өткөрүлдү, учурда алардын баары онлайн форматта өтүп жатат", - деп баса белгиледи министр Жаманкулов.

Пикир

Оставить комментарий