• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР менен РФнын эриш-аркак жылынын расмий жабылуу аземи өтөт

Коом 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында Токтогула Сатылганов атындагы Кыргыз клуттук филармониясында Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын салтанаттуу жабылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага расмий өкүлдөрдөн Россиянын маданият министринин орун басары Владимир Осинцев жана Саха Республикасынын маданият жана руханий өнүгүү министри Юрий Куприяновдун келүүсү күтүлүүдө.

Ал эми чыгармачылык топтун катарында М. Пятницкий атындагы мамлекеттик академиялык орус элдик хору, Адыгей мамлекеттик академиялык “Нальмэс” элдик бий ансамбли, С. Зверев-Кыыл Уола атындагы Саха Республикасынын улуттук бий театры бар.

Жалпы чыгармачыл жана техникалык топ 140 адамды түзөт. Учурда салтанаттуу иш- чарага даярдыктар жүрүп жатат.

Концерттик программага кыргыз-орус элдеринин улуттук ыр-бийлери, комуз жана балалайкада виртуоз ойноолор камтылмакчы.

Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 2020-жылды эки өлкөнүн кызматташтыгынын эриш-аркак жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынган. Буга байланыштуу 2020-жылдын 27-февралында Кремль сарайында эриш-аркак жылынын ачылыш аземи өткөн.

Пикир

Оставить комментарий