• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР менен РФнын ИИМ башчылары жолугушту

Коом 0

Бишкек, 12.11.18 /Кабар/. КРнын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Россия Федерациясына иш-сапары менен барды. Иш-сапардын алкагында министр РФнын ИИМ башчысы Владимир Колокольцев менен жолукту, - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

“Тараптар мурда эки мамлекет башчылары тарабынан макулдашылган кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программаны ишке ашырууну талкуулашты”, - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, эки министрликтин ортосундагы 2007-жылдын 16-июнунда “Кызматташуу боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” протоколуна кол коюлган. Ага ылайык, аталган эки мекеме өкүлдөрүнүн Россия жана Кыргызстан аймагында укуктук макамы бекемделет.

Пикир

Оставить комментарий