• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР менен РФнын ТИМ башчылары Россиядагы кыргызстандыктардын укуктары тууралуу маселени талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Күн мурун кыргыз тараптын демилгеси менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев РФнын ТИМ башчысы Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар жана кыргыз-орус кызматташтыгынын маанилүү маселеси талкууланды.

Андан тышкары эки өлкөнүн ТИМ башчылары Россияда жашаган КР жарандарынын жана мекендештердин укуктарынын корголушу тууралуу маселени талкуулашты.

Эске сала кетсек, Тула облусунун Заокс районунундагы Клищино айылынан 2017-жылы кыргыздар 478 жер тилкесин сатып алышкан, алардын көбү улуттук паспорт аркылуу жер сатып алышкандыгын билдиришкен.

Бирок июнь айынын аягында облустун бийлик өкүлдөрү Клищино айылындагы жерлерди кайра айыл чарба категориясына которушуп, жүрүп жаткан курулуштун бардыгын токтотушкан.

Кийинчерээк КРнын РФдагы элчилиги кырдаал боюнча Тула облусунун өкмөтүнө кайрылып, абалды түшүндүргөн.

Пикир

Оставить комментарий