• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР менен Россиянын лидерлери эмне тууралуу сөз кылышты? – Жээнбековдун жообу

Саясат 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Бүгүн мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Кыргызстан менен Россиянын президенттери тар жана кенен чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Алардын жыйынтыгы тууралуу эки өлкөнүн президенттери биргелешкен билдирүү жасашты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун айтуусу боюнча, сүйлөшүү учурунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы көп жактуу кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришкен.

“Стратегиялык өнөктөштүк маанайда биз баардык саясий, соода-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө үмүтүбүз чоң. Союздаштык кызматташтыктын алкагында биз регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу максатында биргеликте иш алып барабыз”, - деп белгиледи ал.

Андан тышкары ал 2020-жыл Кыргызстанда Россия Федерациясынын жылы, ал эми Россияда Кыргыз Республикасынын жылы деп белгилөө боюнча макулдашуу болду, деп кабарлады.

“Бул иш-чаралар биздин стратегиялык кызматташтыгыбызды бекемдөөгө чоң салым кошот. Андан тышкары, биз актуалдуу эл аралык маселелер боюнча да кеп кылдык. ШКУ жана ЖККУ сыяктуу уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүбүздү да карап чыктык. Бул жылы Кыргызстан ушул эки уюмда төрагалык кылып, алардын отурумдарын Бишкекте өткөрөт”, - деди Жээнбеков.

Андан тышкары эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу боюнча сөз кылып, кыргыз айыл-чарба азыктарын Россиянын рыногуна жеткирүүдө жол тосуулар тууралуу да кенен сүйлөшүлдү, деди КРнын президенти.

Пикир

Оставить комментарий