• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР менен Россиянын жаш лидерлеринин форумунун жыйынтыктары

Коом 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Жакында эле өлкөбүздө Кыргызстан менен Россиянын жаш лидерлеринин форуму болуп өткөн. Ал иш-чаранын жыйынтыктары тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында айтып берди.

Ал белгилегендей, форум 26-30-июль күндөрү мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында жана Чолпон-Атада болуп өткөн. Ага Кыргызстан менен Россиянын ар кыл уюмдарынан 50 киши катышкан.

Иш-чара ишкерчилик, ыктыярчылык, айыл жергесиндеги жаштарды өстүрүү жана жаштар туризми багыттары боюнча өткөрүлгөн.

Форумдун алкагында КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Россиянын Жаштар иштери боюнча федералдык агенттик ортосунда жаштар саясаты тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Бул саамалык улантылып, келерки жылы да өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий