• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

КР менен Румыния ТИМ башчыларынын орун басарларынын биринчи саясий сүйлөшүүлөрү өттү

Коом 0

Бишкек, 02.11.18 /Кабар/. Бишкек шаарында кечээ Кыргызстан жана Румыния тышки иштер министрлеринин (ТИМ) орун басарларынын биринчи саясий сүйлөшүүлөрү жүрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун келечектеги өсүүсү абдан маанилүү жана ал бардык деңгээлдеги эки тараптуу визиттерди уюштуруу, укуктук базаны бекемдөө, парламент аралык кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу аткарыла тургандыгын белгилешти. Ошондой эле тараптар өлкөлөр арасындагы кызматташуунун бардык комплексин, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди күчөтүүгө басым жасашты.

Ошондой эле жолугушуунун алкагында тараптар жакынкы убакта тышки иштер ведомстволору арасындагы кызматташуу тууралуу планды иштеп чыгып жана аны бекитүүгө даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий