• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР менен СӨФ ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо боюнча кредиттик макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 16-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамга ылайык, Сауд өнүктүрүү фонду 131,25 млн сауд риалы (эквиваленти — 35,00 млн. АКШ доллары) суммасындагы кредиттик каражатты 25 жылга, жеңилдетилген мезгили 5 жылга, пайыздык өлчөмү жылына 1% менен берүүдө.

Финансылык каражаттар Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолунун узундугу 80.5 км түзгөн Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки бөлүгүн реконтрукциялоонун бир бөлүгүн каржылоого жумшалат. Реабилитациянын жыйынтыгында Корумду — Балбай Баатыр жолу эл аралык маанидеги 4 тилкелүү унаа жолуна айланат (II-техникалык категориядагы). Ошондой эле тротуарларды, суу агуучу лотокторду, жарык берүүчү лампаларды, велосипед жолдорун куруу каралган. Долбоорду бүтүрүү 2025-жылдын аягына пландалган.

Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки узундугу 80.5 км болгон автожолдун реабилитациясынын жалпы суммасы 128,0 млн. АКШ долл. түзөт, анын ичинен 110,0 млн. — куруш иштерине; 4,00 — консультациялык кызматтарга (тендердик документтерди даярдоо жана долбоордун ишке ашыруусунун аткарылышын көзөмөлдөө); 1,50 — унаа жолдорун тейлөө үчүн жабдууларды сатып алуу; 0,34 млн. — мобилдүү тараза көзөмөл пункту; 0,5 млн. — долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн кармоого; 0,05 млн. — финансылык аудит кызматына; 11,6 млн. — күтүлбөгөн чыгымдарга.

Долбоордун 93,0 млн. АКШ долл. суммасындагы калган бөлүгүн каржылоо үчүн төмөнкү булактардан насыялык каражаттар алынат:

  1. Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фонду — 28, 90 млн.;
  2. Абу-Даби өнүктүрүү фонду — 22,00;
  3. Ислам өнүктүрүү банкы — 20,00 млн.;
  4. ОПЕК Эл аралык өнүктүүрүү фонду — 10,0 млн.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 12,1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө кошо каржылоосу каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий