• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР менен Түркиянын маданият министрлери жолугуп, кызматташууну талкуулашты

Маданият 0

Бишкек, 24.05.18. /Кабар/. КР Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Түркиянын борбору Анкарада Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу маданий карым-катнашты күчөтүү жана туризм жаатында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар боордош эки элдин бири-бирин терең таанытуу максатында маданий жумалыктарды өткөрүүга макулдашышты. Атап айтканда, маданий жана элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү менен концерттери эки өлкөдө кезмектешип өткөрүлмөк болду.

Ошондой эле КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууда макулдашууга ылайык, массалык маалымат жана ЖМК жаатында кызматташуунун жолдору аныкталды.

Атап айтканда, эки өлкөнүн журналисттери бири-бирине каттап, тарыхый, маданий жана туристтик жайлар тууралуу материалдарды даярдап келип, өз өлкөлөрүндө кеңири чагылдырууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү.

Эки өлкө министрлери туризм жаатында кызматташуу боюнча токтоосуз ишке ашыра турган иш чаралар планын бекитишти. Мисалы, туризм жаңыдан өнүгүп жаткан Кыргызстандан бул чөйрөдө эмгектенген адамдарды жана студеттерди Түркияга алып келип окуталы, ага жарыша туризм кеңири өнүккөн Түркиянын адистерин Кыргызстанга жөнөтүп, жеринен окутуп үйрөтөлү деген чечимге келишти.

Мындан тышкары Кыргызстандын Улуттук китепканасында Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк достук залын жогорку сапатта жасалгалап берүүгө Түркия тарап убада берди.

Пикир

Оставить комментарий